“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын мурунку башчысы "мамлекетке 1,8 миллион сомдон ашык зыян келтирген" деп шектелүүдө
“Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын мурунку башчысы "кызмат абалынан пайдаланган" деп шектелүүдө. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-июлда билдирди.
Маалыматтарга ылайык, Бишкек мэриясына караштуу “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын К.З. аттуу мурунку башчысы 2010-жылдан тарта мыйзамсыз түрдө жер тилкелерин жана курулуштарды ижарага берип турган.
Жыйынтыгында мамлекетке 1,8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “КРнын жер мыйзамдарын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.