Жалал-Абад. Өздүк эсебине 87 миң сомдой каражатты өткөрүп алган кесиптик лицейдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарындагы №76-кесиптик-техникалык лицейдин кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “мекеменин карамагындагы мүлктү өздөштүрүү жана жок кылуу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айыпталуучулар расмий документтерге билип туруп жалган маалыматтарды жазышкан жана студенттердин атынан жасалма кол коюп, алардын тамак-ашына бөлүнгөн 86 570 сомду өздөштүрүп алышкан. Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.