Эрежесиз эр уруш боюнча Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугунан кыргызстандыктар 3 медаль менен кайтышты



Кыргызстандык спортчулар дүйнөгө белгилүү спортчу Али Багаутинов менен...

Кыргызстандык спортчулар дүйнөгө белгилүү спортчу Али Багаутинов менен...

Жакшылык уулу Жайыл күмүш медаль тагынды.

Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Жакшылык уулу Жайыл.

Алмаз Акун өз сыйлыгын алууда.

Алмаз Акун жарым финалда катуу беттеш өткөргөн атаандашы менен...

Эгизов Туратбек

Кыргызстан курама командасы...

Кыргызстан командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Мелдешке 200гө чукул спортчу катышты.
Июнь айында Орусияда өткөн эрежесиз эр уруштун FCF-MMA версиясы боюнча Дүйнө чемпиондугунан кыргызстандык спортчулар 3 медаль менен кайтышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда мелдештин катышуучусу Жакшылык уулу Жайыл SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, 7 салмак категориясында өткөн мелдешке 200гө чукул спортчу катышты. Анда Кыргызстан курамасы 3 медаль утуп, командалык эсепте 3-орунду ээледи. Команданын эсебине Жакшылык уулу Жайыл (71 килограмм салмакта) менен Туратбек Эгизов (93 килограмм салмакта) күмүш медаль жаздырышса, Алмаз Акун 3-орунду ээлеп калган.
“Көбүнчө кавказдыктар чемпиондукка жетишишти. Алар чемпион болсо, мамлекет тарабынан үй, унааларга ээ болушат экен. Жеңишке болгон аракетти Алмаз Акун менен жарым финалда беттешкен спортчудан байкадым. Алмаз колун кайрып турган убакытта чыдап, тиешелүү упайды алып кетти. Финалда болсо бир колу иштебегенине карабай жеңүүчү аталды”,- деп кошумчалайт спортчу. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aiaium

13.09.2014. 17:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар кыргызды таанытып журобериниздер СИЗДЕРГЕ ийгилик каалайм
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.