super.kg logo

Июнь айында суусуз жашаган Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары бүгүн чогулуш өткөрүшөт

 

Бүгүн, 8-июлда саат 17:00дө Арча-Бешик конушунун тургундары суу маселеси боюнча чогулуш өткөрүшөт. Бул тууралуу алар SUPER.KG порталына билдиришти.

Алардын айтымында, Арча-Бешик конушундагы 100 чакты үйдө июнь бою иче турган суу токтотулуп калган. “Сууну биз коңшу үйлөрдөн алып келүүгө аргасыз болуудабыз. Мындай нерсе жыл сайын кайталанып жатат. Быйыл суу ташуучу унаа бир аптада 2-3 жолу келип, иче турган суу менен камсыздачу. Биз түшүнүп жатабыз, бизде гана эмес, жалпы Чүй облусунда суу маселеси курч болуп жатат. Бирок кечке маал сууну ачып берсе болмок”,- дешет тургундар.

“Мындан тышкары арыкка да суу келбей, акыркы аптада гана кээде-кээде агып калды. Бак-дарактарыбыз соолуп, кургай баштады. “Суу-каналдан” “силер иче турган сууну огороддорго колдонуп жатасыңар” дешти. Бирок коңшу үйлөрдө күнү-түнү менен суу ачык турат го”,- деп арызданышты алар.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 20-апрелинде Жал кичи районунун тургундары ысык суунун токтоп калгандыгына байланыштуу ошол кездеги мэр Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү талабы менен митинг өткөрүп, жол тосушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: