super.kg logo
  Спорт  

Жайкы-трансферлер-2014: ФИФА тарабынан 4 айга футболдон четтетилген уругвайлык футболчу Луис Суарес “Барселона” менен келишим түздү

 
Футболчунун ысымы жазылган футболкалар сатыкка чыкты.

Англиялык “Ливерпуль” менен каталондук “Барселона” клубдары уругвайлык футболчу Луис Суарес боюнча макулдашууга барышты. Л.Суарестин трансфери үчүн “Барселона” 75 миллион евро төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, каталондук клуб 27 жаштагы футболчу менен 5 жылдык келишим түздү. Анын айлык маянасы жана башка маалыматтар азырынча тактала элек.

Кошумчалай кетсек, Луис Суарес Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында италиялык Жоржо Кьелиннини тиштегендиги үчүн ФИФА 4 ай футбол ойноого тыюу салганы менен, клуб которууга уруксат берген. Футболчунун жаза мөөнөтү октябрь айынын аягында соңуна чыгат. Ошол кезде гана ал “Барселонанын” курамында майданга чыга баштайт. Азыр анын ысымы жазылган футболкалар сатылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.07.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Луис Суарес Реалга отсо жакшы болмок Барсада кор болбой!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: