Өмүрбек Текебаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикти министрлик кылып өзгөртүүнү сунуштоодо
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигин министрлик кылып өзгөртүүнү депутат Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» фракциясынын бүгүнкү жыйынында сунуштады. Анын айтымында, мамлекетти туруктуу өнүктүрүү стратегиясында тоо-кен тармагын өнүктүрүү каралган. “Өнүгүү стратегиясында мамлекет тоо-кен тармагынын салыгынан 50 миллиард сом киреше кирет деп пландоодо. Бул тармакка биз көңүл буруубуз зарыл”,- деди Текебаев. Ал эми вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн планында министрликтердин санын көбөйтпөө жагы каралгандыгын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

