super.kg logo

"Бишкектин борбордук көчөсүндө 20 жаштагы кызды тоноду" деп шектелип 3 жаран колго түшүрүлдү

 

Милицияга Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Ж.Саламат кайрылып, маршруттук таксиден 5000 сомдук «Самсунг 6102» үлгүсүндөгү телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уурулукка шектелип борбор калаанын 23 жаштагы тургуну А.Улан кармалды.

Мындан тышкары укук коргоо органдарына 53 жаштагы Д.Валерий арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар гаражына кирип, унаасынан 6000 сомдук буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Бул фактыга шектүү катары 18 жаштагы С.Александр колго түшүрүлгөн.

Ошондой эле милицияга 28 жаштагы К.Эрмек кайрылып, белгисиз адамдар унаасынан 4500 сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Кылмышка борбор калаанын 18 жаштагы тургуну С.Александр шектелүүдө.

Милицияга 20 жаштагы Ш.Алина арыз жазып, анда Бишкектин Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар күч колдонуп тоноп кетишкени айтылган. 10 миң сомдук телефон менен 2700 сом акча каражатын уурдоо фактысына шектелип 31 жаштагы С.Мелис, 33 жаштагы Б.Кубанычбек, 32 жаштагы С.Эрлан кармалды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2014. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстнда бир суткада алты жуздой кылмыш катталат. Майрам кундорундо минден ашат, жаны жыл майрамында эки минге жетет. Мен Кипр олкосундо жашап келдим, ал жерде бир суткада кылмыш нолго барабар. Ошон учун биздин национальный авторитет жок.Туристер келгенден коркушат.Олкодо чиновниктер уурулук мене алек, элди тарбиялаган эч ким жок, инфекция оорусна чалдыкандар кобойуудо, муну козомолдогон коопсуздук кКомитет иштебейт. Мындай боло берсе биздин эл жуз жылга жетпей жок болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: