Ош шаарын 2014-2017-жылдарга карата өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы Билим берүү башкармалыгынын иш-чаралары бекитилди
Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иш-чаралары бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-2017-жылдар аралыгында билим берүү жаатын өнүктүрүүдөгү конкреттүү иш-чаралардын планында шаарга заманбап үлгүдөгү 1 жаңы мектеп, ал эми иштеп жаткан мектептерге кошумча 5 жаңы окуу корпусун, ошондой эле 9 бала бакчасын куруу каралган. Мындан сырткары окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында шаардагы мектептерге дагы 49 интерактивдүү такталарды орнотуу, №53-орто мектепти компьютерлер менен, 9-11-класстардын окуучуларын планшет менен камсыздоо пландаштырылууда.
Кошумчалай кетсек, Ош шаарында учурдун талабына ылайык электрондук китепкана түзүү, билим берүү мекемелерин толук интернеттештирүү, балдардын жайкы эс алуу лагерин, мектеп окуучулары үчүн бак-дарак жана жаныбарлардын курамы менен мөөнөттүү чарба багын (зоопарк) уюштуруу да планга киргизилген.
Ал эми пландарды ишке ашырууда каржы булагы республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен, ата-энелер фондунан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан жана чет элдик инвесторлор тарабынан камсыздалмакчы.
