Бүгүн Үрүмчүдө кыргыз-кытай айыл чарба маселеси талкууланат
Бүгүн, 9-июлда Кытайдын Үрүмчү шаарында кыргыз-кытай айыл чарба маселеси талкууланат. Муну айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.
Маалым болгондой, 9-июлда Чодуев кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан – КЭР СУАР” координациялык тобунун 7-отурумуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Отурумда айыл чарба тармагына тиешелүү маселелер карала турганы айтылды. Кыргыз делегациясы 7-июлдан 10-июлга чейин Кытайда болуп, анда Кыргызстанда курулуп жаткан минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу заводдордун шарттары тууралуу да сүйлөшүү жүргүзөт. Иш сапар 10-июлдан 14-июлга чейин Түштүк Кореяда уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















