Жалал-Абадда өздүк эсебине 216 миң сом каражатты өткөрүп алган спорттук мекеменин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт методикалык борборунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери расмий документтерди жасалмалоо, спортчулардын Бишкек шаарына жана кайра артка жеткирүү боюнча жалган келишимдерди түзүү жолу менен өздөрүнө 216 миң сом суммасындагы акча каражатын ыйгарып алышкан.
Учурда аталган адамдарга Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянат пайдалануу), 171-беренеси (берилген каражатты өз кызыкчылыгына же максатсыз колдонуу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.