super.kg logo

Ош. Кара-Кулжа районунда тууганын атып өлтүргөн жаран кармалды

 

Оштун Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы жаран тууганын атып өлтүргөндүгү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 14:00 чамасында Буйга айылынын 48 жаштагы тургуну Кеңешбек Бектемиров өзүнүн автоунаасы менен Беш-Кемпир айылындагы жол аркылуу Көк-Кыя айылына бара жаткан. Күтүүсүздөн жолдон эркек адам чыга калып, курал менен коркутуп, унааны токтотууну жана айдоочунун унаадан чыгуусун талап кылган. Талаптар аткарылбаган соң ок атылып, айдоочу белинен жаракат алган. Жараат алган жаран Кара-Кулжа райондук аймактык ооруканасында каза болгон. Ал эми ок аткан адам окуя болгон жерден изин жашырган.

Бул факт боюнча ыкчам иликтөөлөр жүрүп, анын жүрүшүндө адам өлтүрүүгө шектүү болуп 41 жаштагы Ж.А. кармалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын үйүнөн курал табылып, шектелген адам Кара-Кулжа райондук ИИБинин убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кармалган жаран көрсөтмө берип жатат. Анда белгилүү болгондой, атып өлтүргөн жаран анын тууганы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.07.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алик туура эмес эле иш кылдын.эки уй булоонун балдарын жетим калтырып.
30.07.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачууга алдырдын Алик. Ази акеге кыйын болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: