super.kg logo
  Саясат  

Талас. Талас ОИИБи 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарды

 

Талас ОИИБи 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарган кеңешме өткөрдү. Кеңешме жыл мыктыларын, тактап айтканда, алдынкы ички иштер бөлүмдөрүн, алдынкы Ардагерлер кеңешин аныктоо менен башталды. "Өз кесибинин чебери" сынагынын жеңүүчүлөрүнө 1000 сом акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жана анын бетин ачуудагы жетишкендиктери үчүн Манас РИИБи 1-орунду алып 10 миң сом, 2-орунду Кара-Буура РИИБи алып, 7 миң сом, 3-орунга Талас ШИИБи ээ болуп, 5 миң сом менен сыйланышты. Алдынкы Ардагерлер кеңеши болуп Талас ОИИБинин, 2-орунга Кара-Буура районунун, 3-орунга Талас районунун ардагерлери ээ болушуп, диплом жана акчалай сыйлык алышты. Жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн милициянын отставкадагы полковниги А.Иманалиев ИИМдин медалы менен сыйланды. 

Маалымат үчүн: 2012-жылы Талас облусу боюнча жалпы өндүрүштө  822 кылмыш иши болсо, 739 кылмыш ишине тергөө амалдары жүргүзүлүп, 666 кылмыштын бети ачылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: