super.kg logo

Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлерине "шаардык бюджетке 500 миң сом чыгым келтирген" деген айып менен кылмыш иши козголду

 
Бишкек мэриясында кызмат абалынан пайдалануу фактысы ачыкталды. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы борбор калаанын мэриясынын айрым кызматкерлери тарабынан Аска-Таш конушунун борбордук жолун оңдоп-түзөө иштери боюнча 6 миллион 357 миң сомго ылайыкталган тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыгында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тендерди жеңип алган. Кийин жасалган ишти текшерүүгө алууда баалар жогорулатылганы, долбоордун эсеп-чот документациясы жок экендиги жана мамлекеттик экспертиза өткөрүлбөгөндүгү аныкталган.

Мындай иш-аракеттердин айынан борбор калаанын бюджетине 500 миң сом чыгым келтирилген.

Учурда аталган фактылар боюнча “алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: