Каракол шаарында тоо лыжасы боюнча ачык мелдеш өтөт
20-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы "Каприз" лыжа базасында тоо лыжасы боюнча ачык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мелдешке Каракол, Нарын жана Бишкек шаарынын 15 жаштагы спортчулары келип, тоо бетинде лыжа таймашын өткөрөт. Жеңишке жетишкен спортчуларга аталган агенттиктин кызматкерлери диплом жана спорттук даражаларды ыйгарышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.