Жогорку Кеңештин фракциялары Судьяларды тандоо кеңешине талапкер көрсөтүү тууралуу сунуштарды жаңыдан кабыл алууну баштайт
Жогорку Кеңештин 5 фракциясы, мыйзамга ылайык, КРнын Судьяларын тандоо кеңешине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сунуштарды жаңыдан кабыл алууну жарыялады.
2014-жылдын 27-июнунда “Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам күчүнө кирди. Аталган мыйзам Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу жаңы талаптарды карайт.
Буга байланыштуу КСДП, “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Ата Журт”, “Республика” фракциялары аталган мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, жарандык коомдон Судьяларды тандоо кеңешине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу жазуу жүзүндөгү сунуштарды жаңыдан кабыл алууну баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

