super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Бүгүн сологой лидерлер Лео Месси менен Арьен Роббен командаларын финалга алып чыгууга аракет кылышат

 
Голландия курама командасы...
Аргентина курама командасы...

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алгачкы финалчысы Европанын өкүлү Германия болду. Ири эсепте үй ээлерин уткан германиялыктар элди Аргентина менен Голландиянын ортосундагы экинчи жарым финалдык оюндан көптү күтүүгө чакырды. Балким, Аргентина менен Голландиянын беттеши эсеп жана күтүлбөстүктөр жагынан кечээки оюнга жетпеши мүмкүн. Бирок маанилүүлүгү бир эле деңгээлде: финалдык жолдомого ээ болуу.  

Букмекердик кеңселер, футбол адистери азырынча Аргентинанын финалга жакын экенин белгилеп жатышат. 

ГОЛЛАНДИЯ - АРГЕНТИНА

Башталышы: 02:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону  

Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия) 

СОЛОГОЙЛОР ТАЙМАШЫ БОЛОТ

Аргентина жана Голландия курамаларына артыкчылык алып келген голдордун жаратуучулары көбүнчө сол буттары менен ойногон футболчулар. Голландия курамасы Арьен Роббен менен Робин ван Персинин сол буттарынын кубаттуу соккуларына ишенет. Ал эми Аргентинаны ушул баскычка чейин сологой футболчулар Лионель Месси менен Анхель ди Мария сүрөп келгенин жакшы билсеңиздер керек.

РОБИН ВАН ПЕРСИ (Голландия)

30 жашта.

Дүйнө чемпиондугунда 3 гол киргизди.

Команданын капитаны. Жаракаты бар. Аргентинага каршы беттешке башкы машыктыруучу аны ойнотуп-ойнотпосу тууралуу олуттуу билдирүү жасай элек. Робин ван Перси бардык кырдаалда дарбазага топту таамай багыттаганы менен айырмаланат.

АРЬЕН РОББЕН (Голландия)

30 жашта.

Дүйнө чемпиондугунда 3 гол киргизди.  

Роббен мелдештеги эң ыкчам оюнчулардын бири. Ошондой эле азыр ага карата эреже бузуулар көп катталып жатат. Майданда футболчуну жалгыз токтотуу мүмкүн эмес экенин бир катар адистер айтып келишкен. Команданын лидери катары буга чейинки оюндарда өзүн мыкты көрсөтүп, команданын ушул баскычка чыгуусуна зор салым кошту.  

ЛИОНЕЛЬ МЕССИ (Аргентина)

27 жашта.

Дүйнө чемпиондугунда 4 гол киргизди.

Месси өз командасынын басымдуу голдорун киргизип, команданы жарым финалга алып чыкты. Команданын капитаны сапарды мындан ары да улоо мүмкүн экенине ишенет. Анхель ди Мариянын бүгүнкү беттешке жаракатынан улам чыкпасын эске алсак, ага бул жолу бир топ басым болору турган кеп. Стандарттык абалдарда жана кураштырма чабуулдарда Месси өзүн мыкты көрсөтүп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.07.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
argentina algaaa saga iygilik messi
09.07.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gollandiya utat 2:1 esebinde dep oylop jatam...
09.07.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аргентина силерге ийгилик уят кылбагыла силерге акча тиккем
09.07.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нидерландия күчтүүрөк.
09.07.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роббендин ойногону жагат ошон учун Голландия утат алга Голландия!!!!!!!!!!!!!!!
09.07.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oranjevyilar utat dep prognoz kylyp jatam
10.07.2014. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия утат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: