super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева мектептик тамактануунун жакшыртылган моделдери ийгиликтүү ишке ашканын айтты

 

Вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилигинин астында 8-июлда мектептик тамактанууну жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттүӨкмөт аппараты билдиргендей, мектептик тамактанууну уюштуруу, ашканаларды, суу жана санитардык инфраструктураларды реконструкциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. Алгачкы баскычта Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тамак-аш коопсуздугу төмөн делинген 134 мектеби тандалып алынган.

Жыйында Эльвира Сариева мектеп окуучуларынын тамактануусун жакшыртуу боюнча пилоттук долбоордун оңдуу жыйынтыктарын белгиледи. “Орусиядагы Тармактык тамактануу институту жана БУУнун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасы 110 мектепте тамактануунун жакшыртылган моделдерин киргизүүгө көмөк көрсөттү. Ал аркылуу төмөнкү класстагы балдарга кеңейтилген тамак-аш үзүрүн сунуштоого мүмкүндүк берет. Учурда пилоттук мектептерде ысык тамак-аш уюштурууга ылайыктуу шарт бар, анда тамак-аштын 12 түрү даярдалат”,- деди ал.

Киргизилген программа колдогу каражат эсебинен (ар бир балага күнүнө 7-10 сомдон) мектеп тамактануусун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мурда ал каражат чай, булочка же печенье сатып алууга жумшалчу. Жаңы программа инфраструктуралык өзгөртүүлөрдү жана мектептин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ата-энелер менен болгон шериктештик мамилесин арттырууну талап кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: