super.kg logo

Сокулукта “терезеден кирип, уурулук жасаган” деп шектелген 2 жаран камакка алынды

 

Сокулукта “терезеден кирип, уурулук жасаган” деп шектелген 2 жаран камакка алынды. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда билдирди.

Маалым болгондой, Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылындагы Кавказская көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар терезеден кирип, компьютер жана башка кымбат буюмдарды, 40 миң сом акчаны уурдап кетишкен. Бул боюнча милиция кызматкерлерине кабарланган соң, аталган кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Т.И. аттуу борбор калаанын тургуну кармалган.

Ошондой эле милиция бөлүмүнө Сокулук айылынын тургуну кайрылып, үйүнүн терезесин белгисиз адамдар сындырып, баалуу буюмдарын, кийимдерин уурдап кеткенин кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары туруктуу жашай турган жери жок Т.А. аттуу айым кармалган. Анын жанынан уурдалган буюмдар чыккан.

Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: