super.kg logo
  Спорт  

“Германия бразилиялыктарга футбол ойногонду үйрөттү”. Ири эсептеги жеңилүүнү Бразилиянын футбол элитасы түшүнүүгө аракет кылды

 
Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугун уюштурууну алгачкылардан болуп демилгелегендердин бири - Пеле.
Жуниньо Пернамбукано...
Өлкө президенти футболчулар менен күйөрмандардын абалын түшүнүү менен кабыл алып жатканын айтат.
Роналдо учурда баяндамачы катары иштеп жатат. Анын айтканынын да жөнү бар.
Футболчу Давид Луис элден кечирим сурап жатып көз жашын тыя алган жок.

Бразилиянын өз үйүндө өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Германияга 7:1 эсебинде утулганы катуу талкуу жаратты. Катардагы футбол сүйүүчүлөрү бул оюндун жыйынтыгын социалдык тармактардагы баракчаларда, өз ара талдашууда. Ал эми Бразилиянын футбол элитасы болуп өткөн окуяны түшүнүү менен кабыл алып, өз пикирлерин билдиришти.    

Пеле, легендарлуу футболчу:

- Футболду мен сюрприз толгон куту менен салыштырып келем. Эч ким мындай жыйынтык күткөн эмес. Бразилия Дүйнө чемпиондугун бул жолу ута албай калды, 2018-жылы Орусияда өтүүчү мелдеште утат.

Дилма Русеф, Бразилиянын президенти:

- Бардык эле бразилиялыктар сыяктуу мен дагы жеңилүүгө кайгырып турам. Футболчулар менен күйөрмандардын кайгы-капасын тең бөлүшөм. Бул оюндан кийин Бразилиянын шагы сынбай, тескерисинче, курчушу керек.

Давид Луис, команданын капитаны:

- Биз күйөрмандарыбызга кубаныч тартуулоону максат кылганбыз, колубуздан келген жок. Бразилиянын бардык тургундарынан кечирим сурайбыз. Германиялыктар бизден мыкты болуп чыкты. Бул күн унутулбайт.  

Жуниньо, экс-футболчу:

- Азыр футболчуларды сындоо туура эмес. Германия бразилиялыктарга футбол ойноону үйрөттү. Бразилиянын футболунун азыркы абалы тууралуу ойлонуш керек.

Роналдо, экс-футболчу:

- Эми Бразилия 3-орунду алганга милдеттүү. Биздин футболчулар кетирген каталары үчүн чоң жаза алып, ири эсепте утулушту. Мындай учурлар күйөрмандар үчүн катуу сокку болот. Андыктан кийинки оюнда биздикилер жакшы ойноп, эч болбосо 3-орунду ээлегенге милдеттүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңилгенди билген, жеңишке жетет.
Бул Бразиляга сабак болду..
Неймар менен Силванын жоктугу..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: