Бразилия-2014: Аргентина атаандашы Голландияны пенальтилер сериясында утуп, финалга чыкты (фоторепортаж)
Аргентина адаттагыдай кооптуу кырдаалдарды көбүнчө айып соккуларында жаратып жатты.


Аргентина адаттагыдай кооптуу кырдаалдарды көбүнчө айып соккуларында жаратып жатты.

Капитан Робин ван Перси баштаган курама кийим которуучу жайдан жаңы оюн планын түзүп чыгып келишти.

Оюндун экинчи таймында Голландия чабуулдарын ийгиликтүү уюштурду. Бирок гол жарата алышкан жок.

Серхио Агуэро майданга башкы курамда чыккан жок. Антсе да командасынын финалга чыгуусуна салымын кошту.

Оюндун курчуган маалы. Коргонуу жана топ талашууга Голландиянын чабуулчусу Робин ван Перси дагы кошулду.

Аргентинанын лидери Лионель Месси пенальтилер сериясында өз милдетин так аткарды.


Аргентина курама командасы финалдык жолдомону илип кетти.

Беттешке эки кураманын күйөрмандары катуу даярдыкта келишиптир.

Финал ээсин аныктай турган бул беттешке түркиялык калыс Гүнейт Чакыр өз бригадасы менен көз салууда.

Анхель ди Мария жаракатына байланыштуу майданга чыга албай калган. Ошентсе да майдан четинен Аргентинаны колдогондордун катарын толуктоодо.

Беттеш алдында апта башында дүйнө салган легендарлуу футболчу Альфредо ди Стефанону эскерип, аза күтүлдү.

Беттеш курч мүнөздө өттү. Командалар атаандаштарынын чабуулдарын сойлоп болсо да бүлгүнгө учуратып жатышты.

Беттеш курч мүнөздө өттү. Командалар атаандаштарынын чабуулдарын сойлоп болсо да бүлгүнгө учуратып жатышты.

Талаада эң таасирдүү болуп жаткан футболчулар Уэсли Снейдер менен Лионель Месси башкы калыстын кезектеги чечимин талдап жатышат.
ГОЛЛАНДИЯ- АРГЕНТИНА – 0:0
Пенальтилер сериясында – 2:4
Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун финалы Германия менен Аргентинанын ортосунда болот. Экинчи финалчы Аргентина менен Голландиянын ортосунда жаңы гана аныкталды. Аргентиналыктар негизги жана кошумча убакытта Голландия менен тең эсепте ойноп, пенальтилер сериясында жеңишке жетишти. Ал эми 3-орун үчүн болгон оюн Бразилия жана Голландиянын ортосунда болмокчу.
Аргентина менен Голландия беттеши голсуз жыйынтыкталса да, кызыктуу болду. Командалар жогорку ылдамдыктагы футболдун сапатын көрсөтүп, анык жарым финалдык кармаш жүргүзүштү. Баштан-аяк Аргентина курамасы топко ээлик кылса, Голландия адаттадыгдай каршы чабуулдан пайда издеп табууга аракеттерди көрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Башынан баштап мен силер менен!!!