2014-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 151,7 миллиард сомду түздү
2014-жылдын 6 айынын жыйынтыгында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 151,7 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында КРнын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжуманов билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда ички дүң продукциянын көлөмү 4,1 пайызга көбөйдү. “Өнөр жайында, айыл чарбасында, курулушта өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү камсыз болду. Ошондой эле соода жүгүртүүнүн да көлөмү өскөн. Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүүсү 2014-жылдын башынан бери 5,9 пайызды түздү”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.