super.kg logo
  Саясат  

"Батукаевди Келдибековдой кайтарышса, ал качып кетмек эмес" дейт "Ата Журт” партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси

 
"Ата Журт" партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов
ЖКнын депутаты Курманбек Осмонов
Биринчи Май райондук сотунун имаратынын айланасын 100гө чукул милиция кызматкери курчап турушту.

Бүгүн, 10-июлда депутат Ахматбек Келдибековго байланышкан соттук отурум 15-июлга жылдырылганына байланыштуу “Ата Журт” партиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов SUPER.KG порталына төмөндөгүдөй ой бөлүштү: “Жактоочунун айтымында, Ахматбек Келдибеков бүгүн ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Мен фракциянын басма сөз кызматынын жетекчиси катары Ахмат мырза менен жолугууга аябай аракет кылдым. Бирок аны катуу кайтарууга алып жатышат. Эгер Батукаев ушундай кайтарууга алынса, менимче, ал качып кете алмак эмес. Тергөө иштеринде Ахматбек Келдибековго тагылып жаткан айыптар далилденген жок”.

Ал эми “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов болбой калган соттук отурум боюнча: “Соттук отурум Ахматбек Келдибековдун келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды. Бирок судья соттук отурумдун маани-маңызына тиешелүү болбогон процессуалдык маселелерди карай берсе болмок, себеби карала турган көп документтер бар болчу”,- деген оюн билдирди.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев бүгүн, 10-июлда Ахматбек Келдибековго байланышкан соттук отурумду 15-июлга калтырды. 

Эске салсак, Ахматбек Келдибековго “кылмышка шериктеш болуу”, “коррупция” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: