Марадона: “Аргентина керек болсо финалда Германияны да утат”

Легендарлуу аргентиналык футболчу, Аргентина курама командасынын мурунку башкы машыктыруучусу Диего Марадона Аргентинанын Дүйнө чемпиондугун утарына ишенет. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
“Аргентиналыктар жарым финалда Голландияны утуу менен курама команданын формасынын баштапкы баркын, баалуулугун кайтарышты. Голландияга каршы оюнда Аргентина өзү да жакшы ойногон жок, ошол эле учурда атаандаштарын да ойноткон жок. Биздин команда керек болсо финалда Германияны да утат”,- деп билдирген Марадона.
Кошумчалай кетсек, 9-июлдан 10-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун экинчи финалчысы аныкталды. Анда Аргентина атаандашы Голландияны пенальтилер сериясында утуп алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Германия чемпион болот!!!
Бир Месси эмне кыла алат,аны Боатенг эле кармап ойнотпойт,Мессиге рахмат айтышсын финалга дери сүдүрөп келди.
Аргентина өтө күчтүү бир лидерге байланган команда, немистерде болсо лидердин эмес, команданын оюну, Мессиге кыйын болот.