Капар Батырканов: "Токмоктогу атышууда колдонулган курал 2010-жылы Апрель окуяларында уурдалган болушу мүмкүн"
"Токмоктогу атышууда колдонулган курал 2010-жылы Апрель окуяларында уурдалган болушу мүмкүн" дейт Чүй ОИИББинин башчысы Капар Батырканов. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июлда болуп өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Ошондой эле Капар Батырканов ок жума намаздан чыгып келе жаткан көпчүлүктүн арасынан 2 жаранга кокусунан тийип калганын, ал эми Мурат аттуу жаранды кылмышкерлер криминалдык топтордун арасындагы келишпестиктерден улам атышкандыгын билдирди.
Эске салсак, ушул жылдын 7-май күнү Токмок шаарында саат 23:00 чамасында көчөдө бара жаткан Мерседес-Бенц унаасына белгисиз адамдар тарабынан ок атуучу куралдан ок чыгарылган. Жыйынтыгында унаанын айдоочусу ооруканада каза болгон. Ал эми ок чыгарган адамдар из жашырып кетишкен. Бул окуя боюнча Токмок шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон.
Кийин 30-майда бет капчан белгисиз адамдар мечиттен чыгып келе жаткан эки адамды карай ок чыгарышып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Атышуудан кийин эки жаран ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген.
Учурда кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүүлөр камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Деги адамдар эмне болуп баратышат