Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүүчү жайлар жабылган жок, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөдө
Бүгүн, 10-июлда Баткен облусундагы атышуудан улам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүүчү жайлар жабылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, аталган облустагы КРнын Чек ара кызматынын түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, бүгүн, 10-июлда түшкө маал Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Атышуудан улам кыргыз тараптан жаракат алгандар жок экени белгилүү болгон. Жаңжалдын себеби - Баткендеги айланма жолдун курулушу улантылбай токтоп калышы мүмкүн экени айтылганы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















