Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине ок атууну улантууда
Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара башкы башкармалыгынын аскер кызматкерлери эл аралык нормаларды бузуу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине ок атууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Айсана Паизова
Алынган маалыматка ылайык, “Тамдык” чек ара постунда тажик чек арачылары топ куралдарды жана миномётторду колдонушууда. Мындай аракеттери менен тажик чек арачылары эки мамлекеттин ортосунда жана көп тараптуу келишим нормаларын бузуп жатышат.
Ошондой эле кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы куралдуу чыр-чатактын "Тамдык" участкасында орун алып жатканы тажик тараптын укукка жат аракеттери болуп саналат.
Эске салсак, бүгүн, 10-июль күнү тажик жарандары мыйзамсыз аракеттери менен чек араны бузууга аракет кылып, кыргыз аскерлери тарапка ок ата баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-2

ол курулса тажиктерге не болот
Иттер да баатыр болот андан ашкан.
Арстандарга ит башчы болор замат,
Арстандар да итке окшоп уруп калат деп Жусуп Баласагын таамай айткан. Биздин кыргыз элиме иттер башчылык кылышат. Алар эч качан проблема чече алышпайт. Бийликтен умут эткен бул жок нерсени куткондой. АША чечкундуурок болчу ошол чек арада биздин ата-энелерибиз туугандарыбыз жашайт. Бир карыч жер учун керек болсо курал кармап сапка турууга даярбыз.
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, башкаларды кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
alirun - эскертүү! Жеке айтышууларга жол берилбейт. Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазууга укуктуу.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелердин негизинде гана.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.