super.kg logo

Бишкекте 25 жаштагы жаранды уурдап кетип, 150 миң сом талап кылып жаткан адам кармалды

 

Бишкекте 25 жаштагы жаранды уурдап кетип, 150 миң сом талап кылып жаткан адам кармалды. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, ушул жылдын 5-июль күнү Кара-Суу районунан белгисиз адамдар жергиликтүү 25 жаштагы тургунду күч колдонуу менен кара түстөгү Мицубиси-Галант үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен. Бир канча убакыт өткөндө 25 жаштагы жарандын жакындарына телефон чалуу болуп, уурдалган жаран үчүн кылмышкерлер 150 миң сомду бир күндүн ичинде табууну айтышкан.

Бул боюнча милиция кызматына кабарланып, уурдалган адамды бошотуу үчүн ыкчам аракеттер көрүлө баштаган. Иш-аракеттердин жүрүшүндө уурдалган жарандын жакындары кылмышкерлер менен телефон аркылуу байланышып, Бишкек шаарында экенин билип, алар менен жолугушууга барган. Жолугушууда милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Кармалган жаран Аламүдүн районунун тургуну экени аныкталган. Уурдалган жарандын абалы канааттандырарлык.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул кылмышка тиешеси бар адамдар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн. Иликтөөлөр уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: