super.kg logo

Ош облусунда жыл башынан бери мал уурулук боюнча 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

 
Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө иш-аракеттери боюнча жарым жылдыкты жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда жыл башынан бери 103 мал уурдоо фактысы катталып, алардын ичинен 94үнүн бети ачылды. Ошондой эле облустун аймагында мал уурдоого байланыштуу кылмыш иштеринин бетин ачуу 91 пайызды түзүп, алдын алуу иш-чараларынын жакшыртылгандыгы маалым болду. Бирок ага карабастан мал уурдоо фактылары көп катталууда.
Анда 6 ай ичинде жалпысынан 345 мал уурдалып, 8 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилди. Алардын ичинен 4 миллион сомго жакын бааланган 158 мал табылып, ээсине кайтарылды. Бул багытта Ош облусуна коңшулаш аймактардагы мал уурдагандарды кылмыш жазасына тартуу орчундуу көйгөй бойдон калууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: