super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Марадонаны 1 ирет кубантып, 2 ирет ыйлаткан Германия курамасы финалда Аргентина менен кез келет

 

“Германия курамасы мындан кийин көп жылдар бою жеңилбес командага айланарын дүйнө эли түшүнүүгө тийиш”. Мындай кепти 1990-жылы Германия Дүйнө чемпиондугунун финалында Марадона баштаган Аргентинаны уткан маалда германиялык машыктыруучу Франц Беккенбауэр айткан. Арадан 24 жыл өттү. Германия курамасы тарыхында 4-ирет чемпион болуу мүмкүнчүлүгүн алып отурат. Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун финалында Германия финалда кайрадан Аргентина менен кез келет. Бул командалар Дүйнө чемпиондугунун тарыхында үчүнчү ирет финалда ойноп жатышат. Кезектеги оюн Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун финалында 13-июль түнү болот. Бул оюн да зор кызыгууну туудуруп жатат.     

ГЕРМАНИЯ-АРГЕНТИНА

14-июль. Башталышы - 01:00 (Бишкек сааты менен)

Шаар: Рио-де-Жанейро

Стадион: “Маракана”.

“АРГЕНТИНАДА МЕССИ БАР, АЛ ЭМИ ГЕРМАНИЯДА КОМАНДА БАР”

“Португалияда Криштиану Роналду, Аргентинада Лионель Месси бар. Ал эми Германияда мыкты команда бар” деп жазды англиялык футболчу Стивен Жеррард 7:1 эсебинде аяктаган Германия-Бразилия беттешинен кийин. Бул сөздүн жөндүү экенин баамдап, көпчүлүк Аргентина менен Германиянын ортосундагы финалдык беттеште немистерди фаворит катары атап жатат. Букмекердик кеңселердин пикири боюнча да жеңишке европалыктар жакын. Аргентинаны Месси лидер катары ушул баскычка чейин алып келсе, германиялыктар бул баскычка командалык оюндун эсебинен жетишти. 

Мексика-1986: МАРАДОНА ЧЕМПИОНДУКТУ НЕМИСТЕРДИН ООЗУНАН ЖУЛУП КЕТКЕН

Мексикадагы Дүйнө чемпиондугу. 1986-жыл, 29-июнь. Финал. Мехико шаары, “Ацтек” стадиону. Көрүүчүлөрдүн саны: 114 600.  

Аргентина-Германия – 3:2

Голдор: Браун (23-мүнөттө, 1:0), Вальдано (56-мүнөттө, 2:0), Румменигге (74-мүнөттө, 2:1), Фёллер (80-мүнөттө, 2:2), Бурручага (84-мүнөттө, 3:2).  

1986-жылкы Дүйнө чемпиондугун Диего Марадона баштаган Аргентина утпаса, футбол кызыгууну жоготмок. Себеби ошол жылы Марадона командасы үчүн жарым талаадан баштап 6 оюнчуну жазгырып, бирде колу менен гол киргизип, алдыга сүйрөгөн. Финалдык беттеш 3:2 эсебинде жыйынтыкталган. Аргентина алгачкы 2 голду эсебине жазса, немистер оюндун экинчи жарымында 2 гол киргизип, эсепти теңешкен. Бирок Аргентина муну карап турбай, беттеш бүтөрүнө 6 мүнөт калганда жеңиш голун киргизген. Ошентип, катардагы Марадона кубокко ээ болуп, футбол тарыхындагы ийгиликтүү оюнчулардын катарын толуктаган.

Италия-1990: НЕМИСТЕР 4 ЖЫЛ КҮТҮП, МАРАДОНАДАН ӨЧ АЛЫШКАН

Италиядагы Дүйнө чемпиондугу. 1990-жыл, 8-июль. Финал. Рим шаары, “Олимпиадалык” стадиону. Көрүүчүлөрдүн саны: 73 603    

Германия – Аргентина – 1:0

Гол: Бреме (85-мүнөттө, пенальтиден).

Бул жолу да Аргентина-Германия беттешине стадион толо эл келген. 4 жыл мурунку финалдык беттеш үчүн майданга тиштенип чыккан Германия менен ошол жылы анча көзгө толумдуу оюну жок эле финалга жеткен Аргентина беттешет. Калыстын бат-баттан жаңырган ышкырыгы, немистердин иреттүү оюну, күйөрмандардын сүрөөнү... Жөнөкөй адамды эстен тандырчу күчтөгү мындай чыңалыштык, албетте, футболчуларга таасирин тийгизет. Эреже бузуу менен аргентиналык футболчулар Монсон менен Десотти оюндан чыгып калышат. 9 оюнчу калган Аргентинаны ута албай калуу немистер үчүн жаракат алган бөрүнү ата албай калуу дегенге барабар болмок. Акыры гол киргизишип, немистер 4 жыл мурунку өчүн алышып, Марадонаны ыйлатышкан.

ЮАР-2010: МАРАДОНА МЕНЕН МЕССИ КОШУЛУП НЕМИСТЕРГЕ "ТИЗЕЛЕГЕНДЕ"...

ЮАРдагы Дүйнө чемпиондугу. 2010-жыл, 3-июль. Чейрек финал. Кейптаун шаары, “Грин Пойнт” стадиону. Көрүүчүлөрдүн саны: 64 100

Аргентина – Германия – 0:4

Голдор: Мюллер (3-мүнөттө), Клозе (68-мүнөттө), Фридрих (74-мүнөттө), Клозе (89-мүнөттө).

Бул беттеш көптөгөн кыргызстандыктарды толкунданткан оюн болгон. Себеби дүйнө эли күткөн бул беттеште кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров кызмат алган эле. Беттеш эл күткөн нукта эмес, германиялыктардын басымы астында башталды. Адегенде 3-мүнөттө Томас Мюллер эсепти ачып, немистерди алдыга алып чыгат. Калган 3 голду алар оюндун экинчи жарымында коргонуучулардын каталарынан пайдаланып киргизишкен. Бул оюнга Аргентинаны Диего Марадона башкы машыктыруучу катары майданга алып чыккан. Элдешкис атаандаштарына ири эсепте утулганы үчүн ал көзүнө жаш алган жайы бар. Андан тышкары шолоктоп ыйлап майдандан чыгып келе жаткан оюнчулардын баарын бирден кучактап тосуп алган эле дон Диего... Ал оюнчулардын арасында курамдын лидери Лионель Месси да бар болчу... 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
11.07.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия утат!
11.07.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия кайра ыйлатат.
11.07.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аргентина утат Кудай кааласа!!!!
11.07.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Немистерди бир чоголотсо экен.
Модератор admin_portal түзөттү 11.07.2014 14:55
11.07.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германиянын тактикасы кучтуу утат буйруса
11.07.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мессиге ийгилик,дафай
11.07.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентинаны бир кудайым эле колдоп женип кетпесе,бул оюнда Германдыктар Мессини дагы бир ыйлатканга кучу жетет.Германия чемпион.
11.07.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkasym-2014, Германдыктар????? Эч жок дегенде Немцы дечи эээ Кыргыз.
11.07.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынын умуту МЕССИде
МЕССИ,МЕССИ обделай всех ххх
Модератор admin_media түзөттү 11.07.2014 23:08
12.07.2014. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентинага ийгилик каалайбыз
12.07.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина чемпион болот
13.07.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
месси барибир месси аргентина утсун герман бизге душман
13.07.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентинага ишенем алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: