super.kg logo
  Спорт  

Бокс боюнча Казакстан Республикасынын Президентинин Кубогунда калыстык болбогонунан улам Кыргызстан курамасы мелдешти улантуудан баш тартты

 

8-июлда Казакстандын Алматы шаарында Казакстан Республикасынын Президентинин Кубогуна арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алган. Бул мелдешке күчтүү курам менен барган Кыргызстан курама командасы казактардын калыстыгына канааттанбай, мелдештен чыгып кетүүнү туура көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда бокс боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов SUPER.KG порталына кабарлады.

“Дүйнө чемпиондугу болобу, Азия чемпиондугу болобу же Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдеш болобу, айырмасы жок, казактар кыргыз мушкерлерин басынткандын гана үстүндө. Азиянын чемпиону Азат Усеналиев дайыма Казакстандын аймагында өткөн мелдештерде гана калыстардын туура эмес чечиминин курмандыгы болуп келет. Мен уюштуруучуларга жана Эл аралык бокс ассоциациясынын мүчөлөрүнө барып, кырдаал боюнча айттым. "Дайыма кыргыздарды басынтып келесиңер" деп айтып, команданы мелдештен алып кетеримди билдирдим. Алар калуумду суранышты. Мелдешке чакырышканы үчүн рахмат айттым да, "калыстык болбогон жерде тура албайм" деп кетип калдым”,- дейт ал.  

А.Бекболотовдун казакстандык калыстардын ишине катуу нааразы болгону анын айткан кептеринен байкалып турду. “Бизде намыс деген бар. Басынып, бирөөнүн көзүн карап тура албайбыз. Алдыда Казакстандын аймагында өткөн мелдештерге катыша беребиз. Болгону, ушул мелдештеги калыстык мага жаккан жок”,- деп кошумчалайт Адылхан мырза. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
11.07.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура! Жигитче Улак тартса да ! Калыстыгы жок! Озум озум деп журуп не болор экен булар !
11.07.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура кыласынар биз де-намыс бар
11.07.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ошончо барган сон катыша бериш керек эле. Эл коруп бааламак, эл тараза болмок. Женишке жетишпей калса эч нерсе деле болбойт эле да.
11.07.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
DNurgiza, Бул жерде биздикилер туура кылышкан. Эл аралык бокс федерациясы караш керек. Кечиресиз мен сиздин коментарийинизге минус коем деп пилусту басып алдым.
11.07.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Erkek ekensiner!!!
11.07.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тура намыс керек
11.07.2014. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kazaktar ech bir sportto kalis oiun otkorboit,ozdoruno gana tartat,al emi bizdikiler bolso,kazak utulup kalsa da,koi meiman syilap koigula dep,jenishti Kazakka berishet!
11.07.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн туура кылыпсынар Казактар озунон кете баштаптыр озу. Коп нерселерде корунуп турат озуно тенебей керсейип. Ошого жараша бизде да жакшы журт башчы келбей жатканы окундурот.
11.07.2014. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туура кылыпсынар мындай нерсеге любой еле Адам чыдай албайт женип жатсада женилтип койсо
11.07.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кикбоксинг боюнча мелдештерде таймашып жүргөнүмдө Кыргыз болуп туруп өз жеримде таза утсам дагы өзбек туугандарга тартышат эле. Силерди түшүнүп турам.
universal түзөттү 11.07.2014 20:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: