super.kg logo
  Саясат  

Баткенде кыргыздарды сабаган тажик атуулдарына чара көрүү талабы коюлду

 

Тажикстандын Исфара шаарында өткөн өкмөттүк жолугушууда 3 кыргызстандыкты сабаган тажик атуулдарына мыйзамдуу чара көрүү талабы коюлду. Мындай талапты Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков Тажикстандын ИИМинин орун басары Искандар Ражапов, Согди ОИИБинин башчысы Шориф Назаровдор менен жолугушууда айтты.

Баткен ОИИБинин билдиришинче, кечээ, 10-июль күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл округунун Кызыл-Бел айылынын 3 тургунун саат 15:00 чамаларында Тажикстандын Исфара шаарында тажик жарандары бейбаштык кылып, аларды уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Анарбай Алимбеков бул боюнча тажик атуулдарына  мыйзамдуу чараларды көрүү талаптарын коюп, эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестиктердин жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу керектигин билдирди. Тажик тарап казып салган Көк-Таш - Ак-Сай жолун кайра калыбына келтирүү зарыл экендигин баса белгиледи.

Учурда Баткенде абал туруктуу экени айтылды. Баткен облустук күч органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: