super.kg logo

Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясынын 47 гектар жээгин суу жеп кетип, жээктеги айылга коркунуч жаралууда

 

Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясынын 47 гектар жээгин суу жеп кетип, жээктеги айылга коркунуч жаралууда. Бул боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Жылан-Уюк участкасынан жер алдынан чыккан суулар 2010-жылдан бери 30дан ашык турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду жана айдоо аянттарды каптап, жараксыз абалга алып келген. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уюштуруусу менен аймакта ыктыярдуу куткаруу кызматы түзүлүп, алардын демилгеси менен кооптуу жердин алдын алуу боюнча суунун нугун буруу иш-чаралары аткарылган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын ортосунан аралап өткөн Нарын дарыясынын ашыкча суусу Кара-Суу айылын көздөй 47 гектар жээгин суу жеп кеткен. Нарын дарыясы 2010-жылдан берки аралыкта токой чарбаларын жана айдоо аянттарын толугу менен алып, азыркы күндө айылдын турак жайларына жана ички чарбалык жолдорго жакындап калган. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан атайын мониторинг жүргүзүү иштери каралууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.07.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын туулган жеримди, эртереек алдын алып чара корушсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: