Кытайда балдарды алып бара жаткан кичи автобус көлмөгө кулап, 11 адам набыт болду

Кытайдын Хунань провинциясында бала бакчанын тарбиялануучуларын ташып бара жаткан кичи автобус көлмөгө кулап, 11 адам набыт болду. Каза болгондордун сегизи жаш балдар. Бул тууралуу 11-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя 10-июль күнү тоолуу райондо катталган. 7 орундуу кичи автобус 11 жүргүнчүсү менен Сянтань шаарынан чыгып, балдарды үйүнө жеткирип бара жатканда көлмөгө түшүп кеткен. Автобусту көлмөдөн бир күндөн кийин алып чыгышкан. Алгач унаанын ичинен 8 баланын жана айдоочунун сөөгү табылса, бир канча сааттан кийин балдарды коштоп жүргөн эки окутуучунун да жансыз денелери табылган. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
DNurgiza

12.07.2014. 00:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айииий. Кудай сактай кор! Эмне себептен кулап кетти болду экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.