Бразилия-2014: Германия финалда Аргентинаны утуп, тарыхында төртүнчү ирет Дүйнө чемпиону аталды (фоторепортаж)
Оюндун баштапкы мүнөттөрүндө Германия топко ээлик кылганы менен, Аргентина кооптуу кырдаалдарды уюштуруп жатты.


Оюндун баштапкы мүнөттөрүндө Германия топко ээлик кылганы менен, Аргентина кооптуу кырдаалдарды уюштуруп жатты.

Өз кезегинде Германия чабуулчуларга топту жер менен да, аба менен да жеткизүү аракетин мол көрдү.

Аргентиналыктар баш менен гол киргизүүгө анча көп ашыккан жок. Көтөрүлгөн топтун баарын Германиянын дарбазачысы Нойер артка кайтарып жатты.

Германия жетиштүү деңгээлде кооптуу кырдаалдарды уюштуруп жатты.

Бастиан Швайнштайгерге каршы өтө көп эреже бузуулар катталды.

Оюнга колумбиялык ырчы Шакира көз салып отурду.


Лионель Месси айрым учурда оюн тагдырын жеке өзү чечүүгө да тырышып жатты.

Месси мүмкүнчүлүк боло калганда каршы дарбазаны көздөй катуу ылдамдык менен чуркап, бир топ чабуулдарды уюштурду.

Оюн бир топ оройлуктар менен коштолду. Бастиан Швайнштайгер атаандашына карата эрежени орой бузганы үчүн калыс тарабынан жазаланды.

Аргентиналыктар гол киргизүү үчүн 2-3 мүмкүнчүлүк кармашты. Бирок голду жаратуу мүмкүн болгон жок.

Жеңиш голун көрүү үчүн дүйнө эли 113-мүнөт футбол көрүүгө мажбур болду. Германиялыктар үчүн көптөн күттүргөн голду Марио Гетце киргизди.

Германиялыктар Аргентинанын лидери Лионель Мессинин Дүйнө чемпиону аталууга болгон тилегин таш каптырган голду майрамдап жатышат.

Месси баштаган аргентиналыктар оюндун аяктаарына 7 мүнөт калганда гол өткөрүп жибергенине катуу нааразы болушту.

Жеңүүчүлөргө медалдарын тапшыруудан мурун мелдештин мыктыларына сыйлыктар ыйгарылды. Дүйнө чемпиондугунда "Мыкты дарбазачы" сыйлыгына германиялык Мануэль Нойер татыды.

Ал эми мелдештеги "Мыкты оюнчу" сыйлыгы аргентиналык Лионель Мессиге тапшырылды.

Германия - 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү!

Германия - 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү!

Германия - 2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү!

Дүйнөнүн жаңы чемпиондорунун урматына "Маракана" стадионунда атайын салют атылды.

Ал эми Дүйнө биринчилигин 4-ирет утуп алган Германия курама командасынын күйөрмандарынын кубанычына чек жок...
ГЕРМАНИЯ - АРГЕНТИНА - 1:0
Гол: Марио Гетце (113-мүнөттө)
Ооба, бүгүн, 13-июлдан 14-июлга караган түнү дүйнөнүн жаңы чемпиону аныкталды. Алдынкы 4 жыл аралыгында Дүйнөнүн чемпиону катары Германия курамасы аталмакчы. Билсеңиздер, бул команда 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунда жарым финалда Испанияга утулуп калган. Арадан 4 жыл өттү. Андагы Испания күчүн жоготуп, бул мелдештин тайпалык баскычында чемпиондук жарыштан чыгып калды. Ал эми "немис машинеси" дагы да болсо өз жолунда сапарын улап келатканын бүгүн далилдей алышты. Куттуктайбыз!
Бул жеңишти куттуктоо үчүн Германияда миллиондогон адамдар уйкудан калышканы сыр эмес. Албетте, 4 жылда бир келүүчү Дүйнө чемпиондугун уткан команданын жеңиши үчүн сыра ичпеген германиялык жаран калбаса керек. "Жакынкы күндөрдө бул өлкөдө сыра таңсыктыгы келип чыгат" деген тамашалуу кептер айтылып жатканы да жөн жерден эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(13)
rukopaWnik

14.07.2014. 05:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куттвктайм Германияны ,чыныгы мээнет болду ,
dentistka

14.07.2014. 05:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уураа, мен Германияга болетэттимэле, женишине ишенгем. Баракелде. Вот это немецкое качество.:));)
elkeev

14.07.2014. 05:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bir kytai menen Kytai restoranynda tamaktanuuga meldeshken bolchumun, utush men tarapta boldu. Emki kezek restoranga baryp plotno tamaktanuu kaldy)))) hot pot)))
nurkasym-2014

14.07.2014. 07:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ишенгем.Германия азаматтар.Бирок Аргентина достойный оюн корсотту.Арандан зорго утушту.
insap

14.07.2014. 07:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жеңиш күчтүүнүкү болду, бирок менин тылегим не болсо да Аргентина командасы утуп алса сонун болот еле. анткени, Аргентиналыктар да бул жолку чемпёнатта баштан-бойго ең еле тырышчаактык жана кайраткерлик менен ойногон болучу,чамасына карай мынча жакшы ойногон команданын утулушуна бираз боор ооруп калат екен да! болуптур еми, кантсе да утар жак утуп болду, "болору болуп, боёсу канды"!...
ayakosya

14.07.2014. 07:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат немецтер " баардыгы чабуулга отот бирок германия гол киргизет" деген созду дагы бир жолу далилдешти!
alooke

14.07.2014. 09:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аргентинанын күйөрмандарына сабыр! Германия утмак, утту! Чемпиондукка татыктуу, немистер азамат.
Diana92kg

14.07.2014. 09:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((((((((((((((((( мен Аргентинага болеть этип жаткам. блиииин ушунча нерседен отуп бир кадам калганда женилип калышты(((((
siezd

14.07.2014. 09:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
наконецта бутту э а то жолдошума боорум ооруп атты эле уйкудан калып атат деп
jigit.paren

14.07.2014. 09:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен Аргентинанын куйорманы элем, бирок ото эле маанайым тушкон жок, анткени немецтер арандан зорго утуп алышты, финалга чыныгы мыкты делген командалар чыкканын далилдеп беришти Аргентиналыктар азамат, эн кучтуу делген Германияга туруштук бергине. Андыктан Германиянын куйормандарын чын журоктон куттуктайм.
artur007

14.07.2014. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынам германия.мен исламбек дайым силер мн
aiperi.1993

14.07.2014. 11:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uraaa Deutschland hat gewonnen! Men da abdan kubanuchtamyn.Germaniada kochodo elder kop,ukmush koldowtu.Nemzy molodzy,chynynda tatyktuu.Asamattar!
Mir82

14.07.2014. 14:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суктанаарлык, бут дуйно назар салып турат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.