super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Жабылуу аземине Шакира менен Бекхэм уулдарын ээрчите келишти (жабылуу салтанатынан фоторепортаж)

 
Аземдин жүрүшүндө кыздар бул жолку Дүйнө чемпиондугуна катышкан 32 команданын желегин эл алдына алып чыгышты.
Аземдин жүрүшүндө кыздар бул жолку Дүйнө чемпиондугуна катышкан 32 команданын желегин эл алдына алып чыгышты.
Орусиянын президенти Владимир Путин Дүйнө чемпиондугунун эстафетасын кабыл алуу үчүн Бразилияга барып, жабылуу аземине жана финалга күбө болду.
Белгилүү R&B жана поп-ырчысы Рианна көрүүчүлөрдүн катарын толуктады.
2010-жылы Дүйнө чемпиондугун кабыл алган ЮАР мамлекетинин президенти Жейкоб Зума жубайы менен жабылуу аземине жана финалдык беттешке күбө болуу үчүн келген.
ФИФАнын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты айым футболчусуна" берилген "Алтын топ" байгесинин 5 жолку ээси Марта...
Рок жаатында ырдаган белгилүү англиялык "The Rolling Stones" тобунун ырчысы стадиондогу атактуулардын катарын толуктады.
Карлос Сантана, Вайклеф жана Алешандре Пирес сыяктуу ырчылар “Dar Um Jeito” чыгармасын аткарып жатышат.
Аземдин жүрүшүндө кыздар бул жолку Дүйнө чемпиондугуна катышкан 32 команданын желегин эл алдына алып чыгышты.
Атактуу америкалык актёр Эштон Катчер жабылуу аземинин жүрүшүндө өзүн сүрөткө тартып жатат.
Жабылуу салтанатынын жүрүшүнөн...
Жабылуу салтанатынын жүрүшүнөн...
Ырчы Шакира "La la la" чыгармасын аткарып жатат.
Шакира уулу Милан менен кошо эл алдына чыкты.
Жабылуу салтанатынын жүрүшүнөн...
Жабылуу аземине катышкан атактуулар...
Германия курама командасынын күйөрмандары жабылуу аземине күбө болуп жатышат.
2010-жылы Дүйнө чемпиондугун утуп алган Испания курама командасынын экс-оюнчусу Карлес Пуйоль Дүйнө чемпиондугунун кубогун стадионго салтанаттуу түрдө алып чыкты. Аны бразилиялык атактуу модель Жизель коштоп чыкты.
Дүйнө кубогу...
Футболду жыйыштырып, моделдик кесипке ыктап жүргөн Дэвид Бекхэм уулдары менен...
Жабылуу аземине футбол падышасы Пеле жана бразилиялык футболчу Кака да келди.
Германиянын канцлери Ангела Меркель Германия курама командасынын майданга чыгуусун чыдамсыздык менен күтүп жаткан маал.
Түрдүүчө кийинген кыздар мелдештин катышуучуларынын желектери менен...
Түрдүүчө кийинген кыздар мелдештин катышуучуларынын желектери менен...
Германиялык Лоттар Маттеус (солдон биринчи), италиялык экс-футболчу Фабио Каннаваро (ортодо) жана аргентиналык экс-футболчу Даниэль Пассарелла чогуу сүрөткө түшүп жатышат.
Солдон оңго: Бразилиялык футбол ишмери Карлос Дунга, ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер жана экс-футболчу Амарилдо...
Салтанаттын жүрүшүнөн...

Бүгүн, 13-июлдан 14-июлга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун расмий жабылуу аземи орун алды. Финалдык беттешке бир жарым саат калганда уюшулган иш-чаранын концерттик программасында белгилүү колумбиялык ырчы Шакира “La la la” деген аталыштагы ырын аткарып берди. Андан тышкары Карлос Сантана, Вайклеф жана Алешандре Пирес сыяктуу ырчылар “Dar Um Jeito” чыгармасын тартуулашты. Мелдештин расмий гимни болгон “We Are One” чыгармасы ачылыш салтанатында ырдалгандай эле бул жолу да Женнифер Лопес, Pitbull жана Клаудиа Лейттенин аткаруусунда обого жаңырды. Дүйнө чемпиондугу менен коштошуу салтанаты ушундайча өттү.

Кошумчалай кетсек, жабылуу аземине бир катар атактуулар катышты. Алардын ичинен ырчы Шакира уулу Миланды элдин алдына алып чыкты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
14.07.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонунго
14.07.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Риана 5 айлык боюнда болуп калыптыр го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: