2012-жылы Жогорку Кеңештин жыйындарына көп жолу катышпагандыгы үчүн 3 депутат айып пул төлөдү
Жогорку Кеңештин 3 депутаты парламент жыйындарына көп жолу катышпагандыгы үчүн айып төлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда маалымат-жыйын өткөргөн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, ал депутаттар айлык акыларынын бир бөлүгүн айып пул катары төлөшкөн. ”Айрым демократиялык жактан өнүккөн мамлекеттерде да "депутаттар жыйынга милдеттүү түрдө катышсын" деген жобо жок” деген төрага кээ бир учурдагы ЖКга карата айтылган сын чындыкка туура келбей турганын кошумчалады. Айып пул төлөгөн депутаттардын аты аталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

