super.kg logo

Ошто 200 студентке лидерлер тарабынан акысыз окуу курстары өткөрүлөт

 

Ошто алгачкы жолу "Кел, бөлүшөлү" долбоору ишке ашырылып, жаштарга туура жол көрсөтүү, келечектеги лидерлерди даярдоо максатында семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда болуп өткөн маалымат жыйынында эл аралык “Ала-Тоо-Ататүрк” университетинин президенти Бакыт Шайдуллаев билдирди.

Анын айтымында, семинарда жаштардын чечендик өнөр, максат, кыялдануу, өзүн өзү өнүктүрүү жана ийгиликти пландоо, стереотиптерден арылуу, өзүнө ишенүү жана убакытты туура пайдалануу тууралуу тренингдер уюшулат. Окуу курстары заманга ылайык болуп, жаштардын актуалдуулугун күчөтөт жана алдыга койгон ой- максаттарына жетүүгө жардам берет.

Ал эми 14-июлда Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика корпусунун жыйындар залында семинардын ачылышы болуп, 19-июлга чейин созулат. Ага 17 жаштан 25 жашка чейинки 200 студент катыша алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: