super.kg logo

Дүйнө чемпиондугундагы Аргентинанын утулушунан кийин өлкө борборунда баш аламандык орун алды

 

13-июлдан 14-июлга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Аргентина менен Германиянын беттешинен кийин Буэнос-Айрес шаарынын борбордук бөлүгүндө баш аламандык орун алды. Оюн эсеби Германиянын пайдасына 1:0 менен аяктаганда Аргентина курамасынын күйөрмандары жаңжал чыгарышып, натыйжада 15тей полиция кызматкери жаракат алышты. Баш аламандыкка күнөөлүү катары 30га чукул жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 14-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Финалдык оюндарды миңдеген күйөрмандар борбор калаадагы Тогузунчу июль проспектинде көрүп жатышкан. Оюн бүткөндөн кийин жарандардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кеткен. Бирок беттештин жыйынтыгына нааразы болгондор унаалардын, имараттардын терезелерин талкалап башташкан. 

Көздөн жаш чыгаруучу газ колдонгон укук коргоо органдарына баш аламандыкка катышкандар каршылык көрсөтүшкөн. Баш аламандык учурунда журналисттердин тартуучу тобуна таандык 2 унаа, бир нече бар, театрдын имараты жараксыз абалга келген.






Аргентина курамасы утулгандан кийинки башаламандык

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.07.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай жиндилер.Озулорунун еле мулкун талкалап жатышат.Андан коро сыймыктанышпайбы. Кандай жакшы ойношту. Болгону Германиянын бактысы болуп аран бир гол киргизди.
Германиянын куйорманы болсом да Аргентинанын командасын жакшы бааладым. Немистер утулса оз олкосундо мындай вандализмге барбайт болчу.
15.07.2014. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat, bizdin kyrgyzdar dele Uwundai Hindi bolup ketiwet go President ketirgende
Медиа-портал
14.07.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
экинчи орунга да кудаага шугур дебейсинерби бразилияга окшоп 7:1 болсо не болот эле анда
14.07.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Блиин биздин кыргызстан чемпионатка илешсе кандай чон майрам кылмакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: