Президент "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизди
Президент Алмазбек Атамбаев "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты - жаныбарларды паспорттоштуруу жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөттөрүн өзгөртүү.
Тактап айтканда, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, мыйзам бодо мал баккандар үчүн 2014-жылдын 1-ноябрынан, жылкы кармагандар үчүн 2015-жылдын 1-ноябрынан, майда мал баккандар үчүн 2016-жылдын 1-ноябрынан, канаттууларды, аарыларды кармагандар үчүн 2017-жылдын 1-ноябрынан тартып иштей баштайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















