super.kg logo
  Спорт  

Германиянын машыктыруучусу: “Бул команда 10 жылда түзүлдү жана чемпиондукка татыктуу”

 

14-июлда жыйынтыкталган Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугун утуп алган Германия курама командасынын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв финалдык оюндан кийин аны колдогон Бразилиянын элине рахмат айтып, өз командасы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

“Чемпион болгон команданы чогултуу долбоору 10 жыл мурун башталган. Бул аралыкта Дүйнө чемпиону болорубузга ишенип келдик. Бул команда татыктуу чемпион болду”,- деп билдирген Й.Лёв. Андан тышкары башкы машыктыруучу жергиликтүү элге жана мелдештин уюштуруучуларына ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирет: “Биз финалдык оюнга келе жатканда жолдо тизилип алган жергиликтүү тургундар кол чаап, бизди колдоого алышты. Биз жарым финалда Бразилияны 7:1 эсебинде утканыбыздан кийин катталган бул окуя эстен кеткис болду. Рахмат, Бразилия!”





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.07.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германиянын машыктыруучусу чыныгы токтоо азамат екен, команда мүчөлөрүнө да айрыкча өлчөмдүү талаптарды койсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: