super.kg logo

Кара-Кулжада тургундар мал уурулук менен алектенгендерди кармап алып, аларды өздөрү жазалагандыктан бир адам каза тапты

 

Кара-Кулжа районунун 4 тургуну мал уурулук менен алектенген адамдарды кармап калышып, аларды өздөрү жазалагандыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Сузак районунун Курманбек жайытында Кара-Кулжа районунун Б.К., М.Ж., У.Т. аттуу жарандары Бекен Назаралиев аттуу айылдашы уурдалган атты минип баратканын көрүп калышкан. Кийин үчөө Бекен Назаралиевди ур-токмокко алышып, Калмак-Кырчын айылына алып келишкен. Ал жерден Бекен Назаралиев уурулукта шериги болуп жүргөн Ю.А. аттуу жаран тууралуу айтып, ал дагы аталган жарандар тарабынан кармалган. Кармалгандар 8 жылкы, 5 уй уурдагандыгын мойнуна алышкан. Уурдалган малдын ээлери чогулган соң, А.А., Б.К., Э.С., У.Т. аттуу жарандар Ю.А. аттуу жарандын бутун таңып, камчы менен толгоп кыйнашкан. Кийин Ю.А. алган жарааттарынан ооруканада каза болгон.

Учурда бул кылмышты жасады деп шектелип жаткан 4 жаран 2 айга камакка алынышты. Иликтөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
14.07.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ баары бир чыгып кетишмек акча берип,менттер оздору крышевать этишет
Модератор admin_portal түзөттү 15.07.2014 13:13
14.07.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне болгон кундода жараандар аша чаап кетишкен. Олтургонго чейин барбаш керек болчу. Тем боле Орозо айында. Эми отуруп чыгышат, эмнеси жакшы ушунун.
14.07.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
OI zorgo tapkan maalyn uurdasa jini keletda. ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 15.07.2014 13:14
15.07.2014. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам адашат олум менен бутурбош керек.тем более мал уурулук менен.
15.07.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таптакыр тушунбодум. Кара-Кулжа району десе кайсы айылдык экен, ким экен деп шашып окупмун. Сузак менен Кара-Кулжа райондору эки башка...
15.07.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сузак - Жалал-абад облусуна карайт.
Кара-Кулжа - Ош облусуна карайт...
15.07.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сотко алып барса эч кандай пайда чыкпасына козу жеткен го кыязы.
15.07.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ХХХ коп болот, ошондуктан коркунучтуу криминалдар коп катталбайт, эл тарабынан ХХХ ХХХ!
Модератор admin_portal түзөттү 15.07.2014 13:14
15.07.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yoma.kg, ramis1, kojojaw, restreppo, Jakai89, Danel - баарыңарга эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: