super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Футболчуларды жерге буту тийбей турган абалда тарткан сүрөтчүлөрдүн эмгектери (фотолор)

 
Голландиянын капитаны Робин ван Перси Испаниянын дарбазасына топту таамай багыттап жатат.
Германия менен Франциянын беттешинде Томас Мюллер менен Патрис Евро топ үчүн абада кармаш өткөрүп жатышат.
Франциянын дарбазачысы Уго Льорис топту дарбазага өткөрүп жибергенин абада турган абалда көрүп жатат.
Германиянын лидери Бастиан Швайнштайгер топту Алжирдин дарбазасын көздөй башы менен сүзүп багыттоодо.
Голландиялык Арьен Роббен (№11) Аргентинага каршы оюнда...
Голландиялык Арьен Роббен Коста-Рикага каршы оюнда...
Коста-Рика курамасынын оюнчусу Жонни Акоста Голландияга каршы оюнда топту дарбазадан алыстатуу аракетин көрүп жатат.
Дарбазачынын топко секирүүсүн көп эле көрүүгө болот. Бирок ошонун баарын минтип жакшы кадрга тартып жетишүү оңой эмес.
Голландиянын чабуулчусу Клас-Ян Хюнтелар Мексиканын дарбазазына гол киргизген соң бурчта жайгашкан желекти тээп өттү.
Англиянын дарбазачысы Жо Харт канчалык колун сунуп алдыга умтулбасын, уругвайлык Луис Суарестин сүзгөн тобун токтотууга жетишкен жок.
Греция жана Коста-Рика командаларынын оюну...
Италиянын чабуулчусу Марио Балотелли англиялыктардын дарбазасына чабуул коюп жатат. Албетте, темага ылайык аба менен...
Чили курама командасынын оюнчусу Алексис Санчес Бразилиянын дарбазасына киргизген голунан кийин...
Мексиканын дарбазачысы Гильермо Очоа өз дарбазасын бразилиялыктардан сактап калды.
Хорватиялык футболчу Анте Ребич (№16) аба аркылуу келген топту токтотуу аракетинде...
Португалия менен Гананын беттеши...
Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы мыкты бомбардир (16 гол) Мирослав Клозе киргизилген голду өзүнүн стилинде майрамдоодо.
Артты карап турган абалда топту дарбазага багыттоого аракет кылган Гананын оюнчусу.
Колумбиялык футболчу Карлос Бакка дарбазачы менен кагылышуудан кийин.
Колумбиянын лидери Хамес Родригес Бразилияга каршы оюнда...
Аргентиналык Лионель Месси башы менен сүзө албай турган топту Германиянын коргоочусу Боатенг буту менен тээп жатат.
Германиянын дарбазачысы Мануэль Нойер менен Аргентинанын чабуулчусу Гонсало Игуаиндин кагылышуусу...
Аргентинанын дарбазачысы Серхио Ромеро аба аркылуу келген топторго биринчи болуп чыгып, тосуп жатты.

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу расмий жыйынтыкталды. Көп сандагы голдордун киргенин, Бразилиянын 7:1 эсебиндеги жеңилүүсүн, өткөн жолку Дүйнө чемпиону Испаниянын тайпалык баскычта утулганын жана уругвайлык футболчу Луис Суарестин атаандашын тиштеп, мелдештен айдалганын эске алсак, бул мелдеш кызыктарга өтө бай болду.

Бул мелдеште көз салып отурган элге эле эмес, стадиондо сүрөт тартып жүргөн сүрөтчүлөргө да кызыктуу болду. Футболчулардын абада топ үчүн болгон кызыктуу күрөштөрүн назарыңыздарга коёбуз. Бул үчүн фотоаппарат кармап, оюндагы урунттуу учурларды объективдин ары жагынан карап, кадрга түшүргөн сүрөтчүлөрдүн эмгеги чоң экенин белгилеп кетишибиз керек. Көпчүлүктүн пикиринде, сүрөттүн авторун да ушундай кадрлар кубандырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.07.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Себастиян Швайнштайгер.
15.07.2014. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зинедин Зидан айткан экен Швайншайгерге тилим келбеседа ал жакшы оюнчу деп)))
15.07.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентинанын воратары жакшы ойноду
15.07.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Летучий Голландец эле жакты ыгыгыгыг)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: