Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө шаарчасынын калкына таза суу күнүнө эки саат гана берилип жатат



Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Кара-Көл шаарына болгон иш сапарында Кетмен-Төбө шаарчасынын калкы менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Фото: Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы
Маалыматка ылайык, 1700гө жакын калк жашаган Кетмен-Төбөнүн эли таза суу чыгарып берүүчү насостук станция иштен чыгып, Чүкөлүү-Булак суусу токтоп, күнүнө 2 саатка гана суу берилип калгандыгын айтышты. Жергиликтүү калктын арыз-муңун жеринде уккандан кийин Ж.Жээнбеков өкүлчүлүктүн фондунан 250 миң сом бөлүп берген.
Шаарчанын калкынын негизги көйгөйү болгон таза суу маселесин чечүү Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевдин жеке жоопкерчилигине жүктөлүп, ишти бүткөрүүнүн акыркы мөөнөтү 20-июль деп белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bekos2012

15.07.2014. 07:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы 2 саат берилет экен, НАРЫН дарыясынын жээгинде жайгашкан Таш-Комур шаарында 2 кундо (через день) 2 сааттан гана суу берет 20 жылдан бери эле...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.