Испания. Бука кууган фестивалда өзүн өзү сүрөткө тарткан жаранга айып салынды






















Испаниядагы Памплона шаарында 7-июлдан 14-июлга чейин Сан-Фермин фестивалы өткөрүлдү. Салтка айланган иш-чарада көчөдө букалар чуркап, ага миңдеген туристтер күбө болушту.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернеттен алынды
Фестивалдын алгачкы күндөрүндө 4 адам жаракат алган. Алардын ичинде "Букалар кууганда кантип сактануу керек?" деген китептин автору Билл Хиллманн да бар.
Коррида менен энсьерро - аталган өлкөдөгү белгилүү көңүл ачуучу жана киреше алып келүүчү майрамдардын бири. Памплонада 200 миңдей жашоочу бар, ал эми алардын фестиваль учурундагы көңүл ачуусун көрүү үчүн 3 миллионго чукул турист келет.
Фестивалда жыл сайын катышуучулар жаракат алышат. Мунун алдын алуу үчүн коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берилет. Бул жолу айтылган эрежени бузган британдык турист 3 миң евро айып пул төлөйт. Ал артында бука кууп келе жатканына карабай өзүн өзү сүрөткө тартканы үчүн айыпталганы айтылды. Ошондой эле кооптуу кырдаалга карабай видеого тартууга аракет кылган жаранга да айып салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
AZIK01

14.07.2014. 20:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылбаганы жок экен. Аман болушсун.
forvard

14.07.2014. 21:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зээригишкенго. ошолорду алып келип стройкага иштетиш керек экенда
diiazbek

15.07.2014. 12:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астафирлоо шайтан алгырлаарго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.