Германиянын машыктыруучусу: “Голдун автору Марио Гетцеге “гол киргизип, Мессиден кыйын экениңди далилде” деген тапшырма бергем”

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда Германияга жеңиш алып келген голду Марио Гетце киргизди. Ал тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв төмөнкүчө ой бөлүштү: “Оюндун 88-мүнөтүндө Мариону майданга чыгарып жатып, аны “гол киргизип, өзүңдүн Лионель Мессиден мыкты экениңди элге далилде” деген тапшырма менен жибергем. Ал бул тапшырманы так аткарды. Тамашасы жок, менин оюмча, ал Мессиге салыштырмалуу мыкты ойнойт”. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
А жогорудагы коммент ээлери Месси кыйын болсо еки топту кыйшык теппейт еле го. Ал да катачылык кетирет. Оюнга киргизип жатканда албетте трейнер оюнчуга шыктандыруучу дем беруучу создорду айтат. Балким ошентип айткандыр. Анын емнеси бар екен мааниси башкада болуп жатат да ойлонсонор.