Декларация: Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев былтыр 699 747 сом киреше тааптыр

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев (сүрөттө) 2013-жылы 699 747 сом киреше тапкан. Мунун 652 630 сому маяна, 47 117 сому кошумча кирешеси. Мүлктөрү: 300 чарчы метр жерди ээлеген үй, 106 чарчы метр жерди ээлеген батир. 2008-жылы чыгарылган Мицубиси Аутлендер автоунаасы. Жакындары былтыр 912 874 сом киреше табышкан. 220 чарчы метр аянтты ээлеген батирдин ээлери.
Автор: Автандил Добулбеков
Бусурманкул Табалдиевдин биринчи орун басары Бектен Сыдыгалиев өткөн жылы 522 038 сом киреше тапканын айтты. Алган маянасы: 500 138 сом. 1 гаражга, Тойота үлгүсүндөгү 1 автоунаага ээлик кылат. Жакындары былтыр 114 102 сом киреше табышса, алардын мүлктөрү: 1 үй, 1 батир.
УКМК төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев 2013-жылы 478 475 сом киреше тааптыр. 2 жер тилкесине жана бир батирге ээлик кылат. Жакындары 1 батир, 2006-жылы чыгарылган Лексус RX400 автоунаасынын кожоюндары.
УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун былтыркы кирешеси 494 207 сом. 83 чарчы метр жерди ээлеген 1 батирдин ээси. Жакындарынын жылдык кирешеси 669 миң сом. 1 дача, 1 батир, 1 үй жана 1 автоунаага ээлик кылышат.
УКМК төрагасынын орун басары Аман Мамбетсейитов былтыр 442 209 сом маяна алган. Жакындарынын жылдык кирешеси 61 830 сомду түзгөн. Мүлктөрү: 1 жер тилкеси, 1 үй жана 2003-жылы чыгарылган Ниссан үлгүсүндөгү автоунаа.
УКМК төрагасынын дагы бир орун басары Замир Сабаев былтыр 1 285 615 сом киреше тааптыр. Мунун 539 040 сому маяна, 72 000 сому пенсия. Сабаев 4 жер тилкесине ээлик кылат. Жакындары өткөн жылы 101 584 сом киреше табышканы, 1 жер тилкесине, Лексус RX330 үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылышары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

