Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 240 миллион метр кубга жетти
15-июлга карата чыгарылган жыйынтык боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 240 миллион метр кубга жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда суу сактагычка секундасына агып кирген суунун көлөмү 568 метр кубга барабар.
Кошумчалай кетсек, 2013-жылдын 15-июлунда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 319 миллион метр кубга барабар болчу. Анда секундасына агып кирген суунун көлөмү азыркы учурдагы көрсөткүчтөн көбүрөөк болчу (780 метр куб болгон).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.