Якутияда кыргызстандык жаран мыйзамсыз акча которуучу түйүн ачкандыгы үчүн кармалды
Орусиянын Саха Республикасындагы (Якутия) Якутск шаарында кыргызстандык жаран Миразиз Абдулаев эл аралык системдеги акча которуучу түйүн ачкандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу кечээ, 14-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, чыгыш өлкөлөрдө аталган эл аралык финансылык-эсептөөчү систем “хавала” деп аталат.
“Кармалган жаран Якутскта жашаган кыргызстандыктарга акча которуп бергендиги үчүн 1 пайызын алып турчу. Анда мындай коммерциялык иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы жок экени аныкталды. Соттун токтому менен М.Абдулаевге Орусиянын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин “лицензиясыз ишмердүүлүк жүргүзүү” беренесинин негизинде административдик айып пул салынды” деп жазышты басылмалар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Sagy

15.07.2014. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лицензия алып алыш проблемабы?
mikinookat

15.07.2014. 10:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда иштеп жургон Кыргызстандык озбек туугандардын баары ушундай жол менен акча которушат бул жактагы валютчиктер менен суйлошуп алышып ,,,Банк аркылуу которгону аз эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.