super.kg logo

Бишкекте "чет элдик ишкерди тоногон" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

 

Бишкекте "чет элдик ишкерди тоногон" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, чет элдик ишкер июнь айында жума намазынан чыгып келе жатканда белгисиз адамдар күч колдонуп унаага отургузушуп, кийин 5 миң АКШ долларын тартып алышкан да, из жашырып кетишкен.  

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы тарабынан аталган кылмышка шектүү катары “смотрящий” деген криминалдык статусу бар Н.А. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Д.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда аталган окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: