super.kg logo
  Саясат  

Ош. "Кара-Сууда дааратканадагы кырсыктан 40 адам каза болду" деген маалымат чындыкка жатпайт

 
3-ноябрь күнү "Кара-Суу" базарында түшкү саат 2лер чамасында кыйроого учураган дааратканага жалпысынан 19 адам түшүп кеткен. Куткаруу иштери 4-ноябрь күнү саат 2:00гө чейин жүргүзүлүп, 4 адам (1 эркек, 3 аял) каза болуп, 12 адам ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө 6 адам ооруканадан чыгып, дагы 6 адам дарыгерлердин карамагында дарыланып жатат. “Кээ бир маалымат булактарындагы жана эл оозунда “35-40 адам каза тапты” деп айтылып жүргөн сөздөр - жалган. Дааратканада жалпысынан 19 адам болгон”,- деп билдирди Кара-Суу райондук ИИБинин тергөө иштеринин башчысы Алмаз Балтабаев. Учурда бул иш боюнча райондук прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кошумчалай кетчү нерсе, даараткана 30 адамга ылайыкташтырылып, тереңдиги 15 метр болуп эгемендүүлүккө чейин курулган. Кыйроодон кийин полуна арматура же полду кармап туруучу материалдар коюлбаганы аныкталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: